Кыргызстандын Айыл чарбалык өнүгүү Эл аралык фонду менен кызматташуусун өнүктүрүү маселелери талкууланды

2019-жылдын 13-декабрында Рим шаарында Италияга жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Айыл чарбалык өнүгүү Эл аралык фондунун Президенти Жильбер Унгбо менен жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбалык өнүгүү Эл аралык фондунун кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасында жакырчылыкты азайтууга, туруктуу мал чарбачылыкты жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле жайыт коомчулуктарынын экономикалык өсүүсүн өбөлгөлөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруусу үчүн Айыл чарбалык өнүгүү Эл аралык фондуна ыраазычылык билдирди. 
Ошондой эле климаттын глобалдуу өзгөрүүсүнүн контекстинде, Фонд менен кызматташууда экологиялык призманы пайдалануунун маанилүүлүгүн Министр өзгөчө баса белгиледи. 
Өз кезегинде Ж.Унгбо кыргыз тарабынын глобалдык жана регионалдык деңгээлдерде жаратылыш ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу башкарууну киргизүүгө умтулуусун кубаттады жана Айыл чарбалык өнүгүү Эл аралык фондунун бул багытта Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүүгө даярдыгына ишендирди. 
Айыл чарбалык өнүгүү Эл аралык фондунун Кыргыз Республикасындагы долбоордук ишмердүүлүгүн талкуулоонун алкагында тараптар климаттын өзгөрүүсүнүн контекстинде жайыт коомчулугунун жашоочуларын жайыттарды туруктуу башкаруу ыкмаларына окутууга багытталган «Жайыт ресурстарын башкаруунун туруктуулугу» долбоорунун келечектүүлүгүн өзүнчө белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK