Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги М.В.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин Мамлекеттик башкаруу факультети менен биргеликте “Евразиялык мейкиндикке интеграция. Келечек жана пландар” аттуу тегерек стол уюштурду

2019-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында өтүүчү Евразиялык экономикалык Кеңештин Мамлекет башчыларынын жыйынынын алдында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги М.В.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин Мамлекеттик башкаруу факультети менен биргеликте 2019-жылдын 16-декабрында “Евразиялык мейкиндикке интеграция. Келечек жана пландар” аттуу тегерек стол уюштурду.

Тегерек столдун курамы 50дөн ашуун катышуучудан туруп, жогорку деңгээлде болду, КРнын Премьер-министринин Кеңешчиси, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаттары, Евразиялык экономикалык Союздун Коллегиясынын мүчөлөрү (Министрлер), Армениянын, Сингапурдун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери, Казакстан, Сербия, Өзбекстан жана Вьетнамдын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилеринин орун басарлары, ошондой эле Евразиялык экономикалык комиссиянын профилдик департаменттеринин жетекчилери, эксперттик коомчулуктун жана Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын Россиядагы Элчиси А.Джекшенкулов КРнын Президенти С.Жээнбеков өзүнүн баяндамаларында бир нече жолу билдирип келе жаткан ЕАЭС алкагында кызматташууну мындан ары биргелешкен бир максаттуу жана негиздүү түрдө кеңеиши жана Союзга мүчө өлкөлөрдүн тыгыз союздаш мамилелеринин ургаалдуу өнүгүүсү өлкөбүздүн жана кыргыз элинин тышкы экономикалык жана тышкы саясий курсунун маанилүү артыкчылыгы экендигин белгилеп кетти. Эркиндикти жактоочу кыргыз эли өз өнүгүүсүн, бакубаттуулугун жана келечегин евразия биримдиги жана Союздун жалпы келечеги менен байланыштырары тууралуу пикирин билдирди. Ошондуктан Кыргызстан азыркы мезгилде өлкөгө бирдиктүү тилдик жана руханий чөйрө менен бирге аба сыңары керектүү эмгек ресурстарынын, товар, капитал жана тейлөө кызматтарынын эркин түрдө айланышын ишке ашыруу принциптери негизги болуп саналган Евразиялык экономикалык союзга экономикалык интеграциялоо жана аны куруу курсуна карата аң сезимдүү жана шексиз курс алгандыгын белгиледи.

Тегерек столдун жүрүшүндө Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттары В.Никонов, И.Белеков, И.Зиннуровдун, КРнын Премьер-министринин Кеңешчиси К.Рахимовдун, Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары А.Панкиндин, ЕЭКнын Коллегиясынын мүчөлөрү (Министрлери) С.Глазьев, Э.Кайкиев, Н.Акматовдун, Армениянын жана Сингапурдун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери В.Тоганян, Сингапура Садасиван Премжиттин жана башка катышуучулардын маздундуу баяндамалары угулду.

Тегерек столдун катышуучулары тарабынан ЕАЭСтин алкагында билим берүү жана илим тармагындагы кызматташуусу өзгөчө белгиленди, ошондой эле Союздун өлкөлөрүнүн парламенттер аралык байланыштарын бекемдөө үчүн парламенттик ассамблея түзүү боюнча сунуштар айтылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK