КРнын РФдагы Элчилиги улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына жана улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чараларга катышты

2019-жылдын 12-13-декабрында КРнын РФдагы Элчилиги улуу манасчы Саякбай Каралаевдин  125 жылдыгына жана улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чараларга катышты.

Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында Москва Мамлекеттик Лингвистикалык университеттин (МГЛУ) Ч.Айтматов атындагы борбордо Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун катышуусунда улуу манасчы Саякбай Каралаевдин  125 жылдыгына жана улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган ачык сабак өткөрүлдү.

2019-жылдын 13-декабрында Элдер достугунун Россия университетинин (РУДН) Ч.Айтматов атын алып жүргөн аудиторияда Элчи А.Джекшенкуловдун катышуусунда “Дүйнөнүн улуттук образдары: Космо-Психо-Логос” аталган илимий-практикалык семинар уюштурулду.

Ачык сабактын жана илимий-практикалык семинардын катышуучалрынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Элчи 12-декабрь Кыргызстанда адабият күнүн жана Кыргызстандын Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун туулган күнү белгиленээрин айтып, Москванын алдыңкы жогорку окуу жайларында  – МГЛУ, РУДН, МГИМО, декабрь күндөрүндө улуу манасчы Саякбай Каралаевдин  125 жылдыгына жана улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган ачык сабак, семинар жана конференциялар өткөрүлүп жатканы кыргыз тарабы үчүн өтө жогору мааниге ээ экендигин белгилеп, ЖОЖдордун жетекчилигине эки өлкөнүн ортосундагы мадданий-гуманитардык кызматташууну активдүү алга жылдыруу, дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыз жазуучусунун чыгармачылыгын даңазалоо жана дүйнөдө теңдеши жок улуу эпос “Манас” эпосунун жаратуучусу, манасчы С.Каралаевдин атын түбөлүк сактоо үчүн терең  ыраазычылыгын билдирди.

А.Джекшенкулов жалпы адамзаттын руханий байлыгына татыктуу салым кошкон кыргыз элинин баатырдык “Манас” эпосуна болгон сүйүүсү тарыхта калып калбастан, бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткандыгын жана “ХХ кылымдын Гомери” наамына татыктуу болгон С.Каралаев кыргыз элинин сыймыгы экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле 12-декабрда Элчи А.Джекшенкулов Москва шаарынын Данилов районунда жайгашкан улуу жазуучунун атын алып жүргөн Ч.Айтматовдун эстелигине гүл коюп, эскерди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK