Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-декабрда, Сауд Арабиясы Королдугуна расмий визитинин алкагында Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөрдүн парламенттер аралык байланыштарын тереңдетүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы акыркы мезгилде түрдүү деңгээлдерде визиттерди уюштуруу эки жактын тең өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө болгон умтулуусун көрсөтүп турганын белгиледи.

Кыргызстан эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн максималдуу аракет көрүүгө даяр экенин баса белгилеп, Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейхтин бул иштеги жеке салымын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүүнү өзгөчө маанисин баса белгиледи. Аш-Шура Мажилисинин төрагасынын чакыруусу менен жакынкы убакта Кыргызстандын Парламентинин депутаттарынан, мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрүнөн турган делегациянын визити болорун белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-сауд мамилелери мындан ары да ырааттуу өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Сауд Арабиянын Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий визит менен келгенине кубанычта экенин белгиледи.

Кыргыз эли бай жана байыркы тарыхы бар, айкөл эл экенин баса белгиледи.  Өлкөлөрдүн эки тараптуу мамилелери бекем экендигин айтып, мындан ары да тереңдей берерине ишенимин билдирди.

Ал бул жылы июль айында Кыргызстанга Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун тапшырмасы менен келип кеткенин эске салды.

Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх Кыргызстан жана Сауд Арабиясынын биргелешкен өз ара кызматташуусун өстүрүүгө мындан ары да бардык аракеттерди көрүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушууга КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Бакыт Төрөбаев, Төрөбай Зулпукаров, Акылбек Жапаров, Искандер Гаипкулов, Курманкул Зулушев катышышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK