Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов Сауд Арабия Королдугунун «AJLAN BROS FAMILY» компаниясынын өкүлдөрү – коомчулук менен байланышты түзүү директору Akram Alhafaf жана улук менеджери Abed Hamdi менен жолугушту

2019-жылдын 17-декабрында Ташкент ш. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов Сауд Арабия Королдугунун «AJLAN BROS FAMILY» компаниясынын өкүлдөрү – коомчулук менен байланышты түзүү директору Akram Alhafaf жана улук менеджери Abed Hamdi менен жолугушту.

Маалымат үчүн: Компания «AJLAN BROS FAMILY» классикалык эркектердин кийимин өндүрүү тармагында ишмердүүлүгүн алып барган алгылыктуу эл аралык корпорациясынын бири болуп саналат. Компаниянын капиталы 7 млрд. АКШ долларын түзөт. Ошондой эле, 25 мамлекеттин фонд рыногунда, жана Сауд Арабия, Европа, Азия, АКШ жана Канаданын кыймылсыз мүлк сферасында олуттуу салымдары бар.  

Тараптар пахтаны өстүрүүдөн, аны даяр продукция түрүндө экспортко чыгаруу толук циклине чейин уюштуруу - кластердик ыкманы киргизүү менен Кыргызстандын текстиль тармагына ивестициялоо маселелерин талкуулашты.

Компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда пахтаны иштетүү жана даяр продукцияны өндүрүү боюнча текстиль фабрикасын куруу жана аны толугу менен жабдуу кызыгуусун билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында долбоорду жүзөөгө ашыруу боюнча макулдукка жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK