Ирандын Кыргызстандагы Элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады

18-декабрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Ирандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алимоджтаба Рузбеханини, анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Ч.Айдарбеков А.Рузбеханиге кыргыз-иран мамилелерин өнүктүрүү боюнча жасаган иши жана Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук мамилелердин бекемделишине кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Ирандын Элчиси биргелешкен жемиштүү иш жана анын демилгелерине толук көмөк көрсөткөндүгү үчүн кыргыз тарабына ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK