Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын саламаттык сактоо министрлери саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

286

Бүгүн, 2023-жылдын 3-декабрында, Дубайда COP 28 Климаттын өзгөрүшү боюнча 28-конференциянын алкагында Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын саламаттык сактоо министрлеринин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо системасынын ар кыл багыттары боюнча узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрүүнү, мисалы, тажрыйба алмашуу, кадрдык потенциалды жогорулатуу, саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо ж.б.у.с. талкуулашты.

Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, Кыргыз Республикасы Бириккен Араб Эмираттары менен саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар.

Өз кезегинде Бириккен Араб Эмираттарынын Саламаттык сактоо министри Абдул Рахман Мохаммед Аль Овайс мырза эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо жана кеңейтүү жана эки тарапты кызыктырган долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдирди.

  • Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын саламаттык сактоо министрлери саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK