Жарандык маселелери

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГРАЖДАНДЫГЫНА ТААНДЫГЫН АНЫКТОО.

Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-майындагы No 70 «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыгын алышы Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна алып келбейт. Кыргыз Республикасынын жарандыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуунун натыйжасында токтотулушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууну каттоо үчүн документтердин тизмеси:
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз-анкета үч нускада;
(МААНИЛҮҮ: кайрылып келбөө үчүн анкета так тамгалар менен, түшүнүктүү, оңдоолорсуз жана сызыктарсыз толтурулушу керек);
2. колдонуудагы паспорттордун түп нускалары + 3 нуска (КР жана (же) ФР);
3. туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы + 3 нуска;
4. нике тууралуу күбөлүктүн түп нускасы / ажырашуу жөнүндө күбөлүк/ жубайынын (аялынын) өлгөндүгү жөнүндө/ жубайды (аялды) өлгөн же тийиштүү учурларда дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечими + 3 нуска;
5. Кыргыз Республикасынын салык органынын салык карызынын жоктугу жөнүндө документинин түп нускасы (арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагындагы акыркы жашаган жери боюнча) + 3 нуска;
6. консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Франциянын Борбордук банкынын курсу боюнча евродо 510 доллар);
7. Ак фондо 4x6 см елчемунде уч тустуу фотосурет.
Эгерде арыз берүүчү бир эле учурда жашы жете элек балдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу жөнүндө арыз менен кайрылса, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1. туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы/камкорчулук же камкорчулукту белгилөө/ата-энелик укуктан ажыратуу + 3 нуска;
2. эгерде ата-энесинин же камкорчуларынын бири Кыргыз Республикасынын жараны болуп кала турган болсо, баланын жарандыгын токтотууга же сактап калууга тараптардын нотариус же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугу;
3. 14 жаштан 18 жашка чейинки балдардын жарандыгын өзгөртүүгө нотариус же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугу.
Консулдук жыйым 510 АКШ долларын түзөт (Франциянын Борбордук банкынын учурдагы курсу боюнча евродо өндүрүлгөн).