2024-жылдын 30-апрелинде Эрфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин «FAV Service gGmbH» уюмунун директору Хайко Шюлер менен жолугушуусу болуп өттү

298

2024-жылдын 30-апрелинде Эрфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин «FAV Service gGmbH» уюмунун директору Хайко Шюлер менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тюрингияда Кыргызстандык жаштарды квалификациялуу даярдоо жаатында «FAV Service gGmbH» менен кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. "FAV Service gGmbH" Кыргызстандык жаштарга Тюрингиядагы компанияларда ар кандай адистиктер боюнча үч жылдык кесиптик билим берүүнү сунуштайт. Окутуунун негизги шарттарынын бири - В2 деңгээлинде немис тилин билүү. Окутуу Германия тараптан каржыланат.

Хайко Шюлер Кыргызстандык жаштарды Германияга кесиптик окууга тартуу максатында германиялык делегациянын жакында Кыргызстанга болгон иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, германиялык компанияларда кадрларды даярдоонун чоң потенциалы бар экендигин белгиледи. Хайко Шюлер Кыргызстандын студенттеринин Тюрингияга 2024-жылдын сентябрь айында келүүсү пландалып жатканын билдирди.

Ушул жылдын май айында «FAV Service gGmbH» өкүлдөрүнүн Кыргызстанга кезектеги иш сапары пландалууда, анын жүрүшүндө Тюрингияда бул окуу программасы тууралуу маалымат берүү иштери жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK