2024-жылдын 30-апрелинде Эрфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Тюрингия Федералдык аймагынын Эрфурт Соода-өнөр жай палатасынын Башкы аткаруучу директору Корнелия Хаазе-Лерхтин жолугушуусу болуп өттү

312

2024-жылдын 30-апрелинде Эрфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Тюрингия Федералдык аймагынын Эрфурт Соода-өнөр жай палатасынын Башкы аткаруучу директору Корнелия Хаазе-Лерхтин жолугушуусу болуп өттү.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстан менен Тюрингиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле Тюрингияда Кыргызстандык жаштарга үч жылдык кесиптик-техникалык билим берүү багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Башкы аткаруучу директор Корнелия Хаазе-Лерх Кыргызстандык жаштарды Тюрингияда ар кандай адистиктер боюнча квалификациялуу даярдоо жана аларды Германияда андан ары ишке орноштуруу жаатында кызматташуунун чоң потенциалы бар экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Эрфурт соода-өнөр жай палатасынын президенти Дитер Баухаус жетектеген Тюрингиялык делегациянын үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргызстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маселелерди жана ошону менен бирге экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоо жана Тюрингияда Кыргызстандык квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча кызматташуунун мындан аркы иштерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK