2024-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу “Ата-Бейит” Тарыхый мемориалдык комплексинин директору Болот Абдрахманов жана «Полис Азия» аналитикалык борборунун “Эсимде” изилдөө долбоорунун медиа-менеджери Асел Алмас менен жолугушуусу болуп өттү
2024-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу “Ата-Бейит” Тарыхый мемориалдык комплексинин директору Болот Абдрахманов жана «Полис Азия» аналитикалык борборунун “Эсимде” изилдөө долбоорунун медиа-менеджери Асел Алмас менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Б.Абдрахманов 2024-жылдын 11-майынан 18-майына чейин Берлинде Фридрих Науман Фонду тарабынан өткөрүлгөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга Кыргызстандык өкүлдөрдүн катышуусу тууралуу маалымат берди.
Тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосунда тарыхый окуяларды изилдөө жана тиешелүү тарыхый материалдарды чогултуу жаатында тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты.