“Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ишке ашыруу үчүн атайын эсеп ачылды

160

Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы №17 "2022-жылды тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы №137-VII "Жашыл Кыргызстан" экологиялык акциясын өткөрүү жөнүндө токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-мартындагы №95-т жана 2023-жылдын 3-мартындагы 89-т тескемелерине ылайык, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо, токойлорду сактоо, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттеринин алдын алуу жана жашыл бак-дарактардын аянтын көбөйтүү боюнча чараларды көрүүнү көздөгөн "Жашыл мурас” улуттук кампаниясы иш ашырылып жаткандыгын маалымдайт.

"Жашыл мурас" улуттук кампаниясын ишке ашыруу үчүн түшкөн донордук, гранттык каражаттарды топтоону камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атайын эсеби ачылды:

4402011102016445-Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлиги - "Жашыл мурас".

 

Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилиги жарандарды, мамлекеттик органдарды, коомдук уюмдарды, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү "Жашыл мурас" улуттук кампаниясына активдүү катышууга чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK