Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов, Кувейт Араб Экономикалык Өнүктүрүү Фондунун (КАЭӨФ) Борбор Азия жана Европа өлкөлөрү менен кызматташуу департаментинин Директору Фаваз Аль-Адасани мырза менен жолугушуу өткөрдү.

2563

2021-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов, Кувейт Араб Экономикалык Өнүктүрүү Фондунун (КАЭӨФ) Борбор Азия жана Европа өлкөлөрү менен кызматташуу департаментинин Директору Фаваз Аль-Адасани мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө КАЭӨФнун делегациясынын Кыргызстанга ушул жылдын июль айында болгон сапарынын жыйынтыктыры, анын ичинде 2016-жылы 11-мартта Бишкек шаарында кол коблган «Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык бөлүмүн куруу жана жабдуу» тууралуу кредиттик макулдашууну ишке ашыруу жана каржылоо боюнча талкууланды.

Өз кезегинде, А.Карагулов Элчи катары Кыргыз Республикасынын аймагында долбоорлорду ишке ашырууда Фондко ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Маалымат катары: КАЭӨФ тарабынан азыркы учурда төмөнкү долбоорлор ишке ашырылууда:

- Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реконструкциялоо, 272-365 км.;

 - «Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык бөлүмүн куруу жана жабдуу»;

 - Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолун реконструкциялоо (Ысык-Көл айлампа жолу) 104-220 км.;

- «Тамга-Каракол» 220 кВ жогорку чыңалуудагы линиясын куруунун Техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга грант.

 

Тараптар КАЭӨФ тарабынан каржыланган башка долбоорлорду талкуулап, Кыргыз Республикасы менен Фондтун ортосундагы кызматташуу жана Араб Координациалык Тобунун алкагында кызматташуу тууралуу пикир алмашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK