Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ө.Гапаров Иордания Хашимит Падышалыгынын Тышкы иштер жана эмигранттар министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары, кичи элчи Омар Аль-Атуми менен жолугушту

245

2024-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ө.Гапаров Иордания Хашимит Падышалыгынын Тышкы иштер жана эмигранттар министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары, кичи элчи Омар Аль-Атуми менен жолугушуп, анын жүрүшүндө эки өлкөнүн консулдук багыттагы актуалдуу маселелерин талкуулады. Айрыкча тараптар 2023-жылдын декабры айында кол коюлган дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин виза талабынан бошотуу Макулдашуусунун күчүнө кирүүсүн талкуулап, жалпы жарандык паспорттордун ээлерине жеңилдетилген виза алуунун келечеги боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өз тарабынан Ө.Гапаров Кыргыз Республикасында жаңы биометрикалык паспорттор кабыл алынгандыгын белгилеп, анын үлгүлөрүн жана тиешелүү белгилерин камтыган CD-дискти узатты.

Мындан тышкары тараптар эки өлкөнүн ортосундагы туризм, билим берүү, аба байланыштарын түзүү жана соода тармактарындагы кызматташтыкты артыкчылык катары белгилешип, бул багытта укуктук-келишим базасын түзүү боюнча келишим жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK