Айдоочулук күбөлүк

2022-жылдын 17-январынан тарта Кыргыз Республикасынын Германиядагы консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыруу үчүн документтерди кабыл алууда.

МААНИЛҮҮ ЖАГДАЙ: Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жарандардын өзү болушу жана Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча милдеттүү түрдө каттоосу талап кылынат.

Айдоочулук күбөлүктү почта аркылуу же аралыктан берүү мүмкүн эмес!

Элчилик айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алуу боюнча, ошондой эле айдоочулук күбөлүктү жаңы категорияга алмаштырууга документтерди кабыл албайт.

Документтер түп нускада берилиши керек жана бардык документтердин көчүрмөлөрү тиркелиши зарыл. Керектүү документтер жок болгон учурда арыздар каралбайт!

Жаңы айдоочулук күбөлүк алгандан кийин жарандардын эски айдоочулук күбөлүктөрү консулдук мекемелер тарабынан алынат.

МААНИЛҮҮ ЖАГДАЙ: Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга арыз берүүгө убакыт (мөөнөтүн) алуу үчүн сиз Федералдык мамлекеттердеги жашаган жериңиз боюнча Кыргыз Республикасынын Германиядагы консулдук мекемелеринин бирине электрондук почта аркылуу кайрылууңуз керек:

Berlin, Hamburg, Brandenburg, Sachsen, Sachsen-Anhalt, Mecklenburg-Vorpommern, Schleswig-Holstein, Niedersachsen, Bremen, Дания, Польша, Норвегия, Швеция: kgconsulate.berlin@mfa.gov.kg электрондук почтасы аркылуу.

Hessen, Bayern, Saarland, Baden-Württemberg, Rheinland-Pfalz, Nordrhein-Westfalen, Thüringen: kgconsulate.frankfurt@mfa.gov.kg электрондук почта аркылуу

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн сиз консулдук мекемеге электрондук почта аркылуу паспорттун, айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «УНAA» мамлекеттик мекемесинде алдын ала текшерүү үчүн жөнөтүшүңүз керек.

Элчиликте/Консулдукта документтерди кабыл алуу үчүн консулдук жыйым:

Кыргыз Республикасынын жарандары - 25 АКШ доллары

Төлөм www.bundesbank.de сайтында көрсөтүлгөн расмий алмашуу курсу боюнча евро валютасында Элчиликтин/Консулдуктун эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт.

МААНИЛҮҮ ЖАГДАЙ: Элчиликте/Консулдукта төлөм ЖАСАЛБАЙТ!

МААНИЛҮҮ ЖАГДАЙ: НАКТАЛАЙ АКЧА ТӨЛӨӨ МҮМКҮН ЭМЕС!

ЭСКЕРТҮҮ: төлөмдүн же квитанциянын тастыктамасы жок болсо, документтер кабыл алынбайт!

Банк реквизиттери:

Кыргыз Республикасынын Германиядагы - Берлиндеги Элчилигине кайрылуучуларга:

Botschaft der Kirgisischen Republik

IBAN: DE60 1008 0000 0519 8999 00

Verwendungszweck: айдоочунун күбөлүгү аты жана фамилиясы

ЭСКЕРТҮҮ: Польшада, Швецияда, Норвегияда, Данияда жашаган жарандар үчүн Элчилик консулдук жыйымдарды евродогу ички жана эл аралык төлөмдөрдүн ортосундагы айырмачылык толугу менен жоюлган бирдиктүү аймак - SEPA аркылуу которууну сунуштайт (кошумча төлөмдү болтурбоо үчүн) жыйымдар)!

_______

Кыргыз Республикасынын Франкфурт-на-Майне шаарындагы Консулдук агенттигине кайрылуучуларга:

Botschaft der Kirgisischen Republik

SWIFT-BIC: DRES DE FF

IBAN: DE36 5008 0000 0983 8958 00

Verwendungszweck: Führerschein аты жана фамилиясы

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: консулдук жыйымдан тышкары, Кыргызстан боюнча, «УНАА» мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүндө (РСК Банк, Айыл Банк, Кыргыз почтасы, Финансы кредит Банк) кошумча (туугандар/достор/тааныштар аркылуу) айдоочулук күбөлүктүн бланкына мамлекеттик алым төлөө зарыл. Төлөм коду сизге айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн анкета катталган күнү билдирилет.

Мамлекеттик алымдардын тарифтери:

Улуттук айдоочулук күбөлүк үчүн - 728 сом.

Элчилик/Консулдук АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИК АЛЫМ КАБЫЛ АЛБАЙТ!

УЛУТТУК АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮГҮН АЛМАШТЫРУУ ЖАНА БЕРҮҮ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕСИ

А) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МУРДА БЕРИЛГЕН УЛУТТУК АЙДООЧУ КҮЛӨБӨГҮН АЛМАШТЫРУУДА:

1) арыз (кабыл алуу күнү берилген);

2) паспорттун түп нускасы + паспорттун негизги барагынын көчүрмөсү;

3) чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси/органы тарабынан берилген, берилген датасы 12 айдан ашпоого тийиш болгон медициналык кароодон өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык текшерүүдөн өтүү, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү), мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен, консулдук легалдаштыруу белгиси менен же белгиленген тартипте апостиль коюу менен;

4) алмаштырылууга жаткан Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү;

5) айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарын аяктагандыгы жөнүндө сертификат;

6) айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген айдоочунун жеке картасы.

Эскертүү: Окуу сертификаты, персоналдык картасы жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына текшерүү үчүн айдоочунун күбөлүгүн берген аймактык органды, берилген күнүн, айдоочулук күбөлүгүнүн номерин так көрсөтүү менен арыз берилет.

Б) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮГҮН ЖОГОТКОНДО

1) арыз (кабыл алуу күнү берилген);

2) паспорттун түп нускасы + паспорттун негизги барагынын көчүрмөсү;

3) чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси/органы тарабынан берилген, берилген датасы 12 айдан ашпоого тийиш болгон медициналык кароодон өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык текшерүүдөн өтүү, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү), мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен, консулдук легалдаштыруу белгиси менен же белгиленген тартипте апостиль коюу менен;

4) алмаштырыла турган Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсү;