Соода-экономикалык кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелер туруктуу өнүгүп жатат, соода жүгүртүүнүн деңгээли өсүү тенденциясына ээ.

Соода-экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын тизмесине өз ара сооданын көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү, Кыргызстандын продукциясын Өзбекстанга экспорттоону олуттуу кеңейтүүнү камсыздоо, инвестиция тартуу, өнөр жай кооперациясын, биргелешкен ишканаларды түзүү кирет.

2021-жылы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү 496,6 млн долларды, экспорт 180,1 млн долларды жана импорт 316,8 млн долларды түздү (2020-жылы – 341,3 млн доллар, анын ичинен экспорт 152,5 млн доллар, импорт 188,8 млн доллар).

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча январь-апрель айларына карата Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы тышкы жана өз ара сооданын көлөмү 146,1 миллион АКШ долларын түзсө, анын ичинен экспорт 61,1 миллион долларды, импорт 84,9 млн АКШ долларды түздү. .

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасына экспортунун товардык түзүмүндө негизги үлүштү: цемент, отун-энергетикалык ресурстар (көмүр, мунай продуктылары), тирүү жаныбарлар, кара металлдар жана алардан жасалган буюмдар, керамикалык буюмдар, транспорт каражаттары жана алардын тетиктери, айнек жана андан жасалган буюмдар, ар кандай жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр, таштан, цементтен жасалган буюмдар ж.б. ээлейт.

Импортту: азык-түлүк жана айыл чарба чийки заты (жашылчалар, жемиштер ж.б) пластмасса жана алардын тетиктерин, жер семирткичтер, фармацевтика, жаратылыш газы, жеңил өнөр жай продукциялары, алюминий, жез, айнек, керамика, транспорт каражаттары жана алардын тетиктери, электр машиналары жана аппараттары, ар кандай жабдуулар жана алардын тетиктери ж.б. түзөт.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартындагы Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, жана анын жыйынтыгында олуттуу документтер пакетине кол коюлуп, кыргыз-өзбек мамилелеринин тереңдешине жана кеңейишине кубаттуу түрткү берген саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда негизги макулдашуулар жетишилди. 200 миллион доллар уставдык капиталы менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлдү.Фонд Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актоочу долбоорлорду экономиканын түрдүү тармактарындагы чарбакер субъекттерге кредиттерди берүү аркылуу каржылайт. Фонд эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн жаңы негиздерди түзөт.

Кыргызстан үчүн биргелешкен маанилүү долбоорлорунун катарында - Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан биргелешкен темир жолун жана Камбар-Ата 1-ГЭС куруу. 

Жалпысынан Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамилелердин азыркы деңгээли жана соода-экономикалык мамилелердин потенциалы жогору бойдон калууда. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин негизги келечектүү багыттары мурдагыдай эле агро өнөр жай, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана туризм тармактарындагы кызматташуу болуп саналат.