ЖОБО "Кыргызстандын дипломаттары" коомдук бирикмесинин төш белгиси жөнүндө "Тилекмат аке" 1 жана 2-даражасы

ЖОБО

"Кыргызстандын дипломаттары" коомдук бирикмесинин төш белгиси жөнүндө
"Тилекмат аке" 1 жана 2-даражасы

1. «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмесинин 1чи жана 2-даражадагы «Тилекмат аке» төш белгиси Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлерин сыйлоонун түрлөрүнүн бири болуп саналат. Аны менен «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмесинин  мүчөлөрү болуп саналган Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлери жана чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдары эл аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттин таламдарын алдыга жылдыруу жана коргоо ишинде, өлкөнүн тышкы саясатын жүзөгө ашырууда жана Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркын жогорулатууда жеке салымдары, ошондой эле өлкөнүн экономикасына инвестицияларды тарткандыгы үчүн сыйланышат. 

2. 1чи жана 2-даражадагы «Тилекмат аке» төш белгиси менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарында кызматтык ишин календардык санак боюнча 10 жылдан кем эмес жүзөгө ашыргандар сыйланышат. 2-даража менен сыйлангандар, беш жылдан кем эмес убактан кийин 1- даража менен сыйланышат. 

3. 1-даражадагы «Тилекмат аке» төш белгиси 3.10 грамм - 585 пробадагы алтындан жана 42,55 грамм - 925 пробадагы күмүштөн, ал эми 2-даражадагысы 42,55 грамм 925 пробадагы күмүштөн даярдалат.

4. Ушул Жобонун 1-пунктунун талаптарына жооп берген талапкердин конкреттүү кызматтарын көрсөтүү менен 1чи жана 2-даражадагы «Тилекмат аке» төш белгиси менен сыйлоо жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн сунуш жыл сайын 1-октябрга чейин «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмесине жөнөтүлөт жана дипломатиялык кызмат органдарынын бөлүмдөрүнүн же ведомствосуна караштуу мекемелеринин жетекчилери тарабынан кол коюлат.

5. «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмесинин 1чи жана 2-даражадагы «Тилекмат аке» төш белгиси менен сыйлоо жөнүндөгү чечим жашыруун добуш менен курамында 11 мүчөдөн турган «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмесинин комиссиясы тарабынан кабыл алынат. Добуш берүүнүн натыйжасы жөнүндө протокол түзүлөт.

6. 1чи жана 2-даражадагы «Тилекмат аке» төш белгисин тапшыруу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлер күнүндө салтанаттуу жагдайда «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмеси кеңешинин төрагасы жана «Тилекмат аке» фондунун жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

7. 1чи жана 2-даражадагы «Тилекмат аке» төш белгиси менен сыйлангандарга Коомдук бирикменин кеңеши тарабынан бекитилген белгилүү үлгүдөгү ырастама тапшырылат.

8. 1-даражадагы «Тилекмат аке» төш белгиси менен сыйлоодо сыйланганга 20 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку акчалай сыйлык тапшырылат, ал эми 2-даража менен сыйланганга 10 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку акчалай сыйлык тапшырылат.

9. 1чи жана 2-даражадагы «Тилекмат аке» төш белгиси төштүн оң (сол) тарабына кадалат жана мамлекеттик сыйлыктардан төмөн жайгаштырылат.

10. «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмесинин 1чи жана 2-даражадагы «Тилекмат аке» төш белгиси менен кайталап сыйлоо жүргүзүлбөйт.

11. «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмесинин 1чи жана 2-даражадагы «Тилекмат аке» төш белгиси жоголгон учурда жупнуска берилбейт.

12. Төш белгинин эскертмеси тиркелет.