КР ТИМдин 2024-жылдын 18-майына карата маалымат билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги деструктивдүү күчтөр тарабынан чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда, айрыкча Пакистан Ислам Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасындагы абал тууралуу чындыкка дал келбеген, жалган маалыматтар атайылап таратылып жатканын маалымдайт.

Министрлик учурда Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында абал тынч жана толук көзөмөлгө алынгандыгын, коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөндүгүн билдирет.

Ушундан улам Министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын, блогерлер коомчулугунун өкүлдөрүнөн, ошондой эле чет өлкөлүк кесиптештеринен Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын расмий жана тастыкталган маалыматтарын гана жетекчиликке алууну суранат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK