2025-жылга Түркмөнстандан Кыргыз Республикасына электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр Ашхабадда өттү

Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинин көмөгү менен 2024-жылдын 3-майынан 6-майына чейин «Кыргызстан УЭТ» ААКнын башкы директору А.Рысбеков жетектеген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин делегациясы Ашхабад шаарына жумушчу иш сапары менен барды.

Сапардын жүрүшүндө Түркмөнстандын Энергетика министрлигинде жолугушуулар өткөрүлүп, анын жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы түзүлгөн кыргыз-түркмөн мамилелеринин позитивдүү динамикасын  канааттануу  менен белгилеп, 2025-жылга электр энергиясын өз ара алгылыктуу шарттарда берүү боюнча келишимдик мамилелерди узартуу маселелерин талкуулашты.

Энергетика тармагындагы өнөктөштүктү  мындан ары өнүктүрүү максатында А.Рысбеков 2024-жылдын 10-11-июунуда Вена шаарында (Австрия) Дүйнөлүк банктын колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен уюштурулуп жаткан Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы боюнча эл аралык энергетикалык форум жөнүндө маалымат берди жана аталган форумга түркмөн тарапты катышууга чакырды.

Тараптар эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү илгерилетүү ниетин ырастап, туруктуу байланыштарды колдоого, ошондой эле энергетика маселелеринде өз ара көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK