Башкы консулдук Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79-жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өткөрүштү
2024-жылдын 5-майында Башкы консулдук Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79-жылдыгына арналган Санкт-Петербург шаарындагы мекендештер жана жогорку окуу жайларда окуп жаткан студенттер үчүн Маданий-спорттук майрамдык иш-чара өткөрүштү.
Спорттук мелдештердин жүрүшүндө мекендештер футбол, волейбол, армрестлинг, аркан тартыш боюнча күч сынашты. "Кыргыз күрөш", "Ордо" улуттук спорт түрлөрү, ошондой эле чыгармачыл топтордун жана балдар бий ансамблинин аткаруулары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналды.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубок, медалдар жана грамоталар тапшырылды. Майрамдык программага жалпысынан 500дөн ашык мекендештер катышты.