Элчи Т.Кушчубеков Будапештти фашизмден боштондукка чыгарууга катышкан советтик жоокерлердин Будапешттеги эстелигине гүл чамбар койду

2024-жылдын 7-майында Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүн майрамдоонун алдында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Будапештти фашизмден боштондукка чыгарууга катышкан советтик жоокерлердин Будапешттеги эстелигине гүл чамбар койду.
Салтанат Баатырлар аянтындагы эстеликте өтүп, ага КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, согуштун ардагерлери, ошондой эле шаар тургундары жана коноктору катышты. Элчи Т.Кушчубеков Улуу Ата Мекендик согуштун фронтунда курман болгон советтик жоокерлердин, согуш талаасында курман болгон кыргызстандык жоокерлердин элесине таазим кылды.
Курман болгондорду эскерүү бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып, эстеликке гүл чамбар коюу менен аяктады

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK