“Кыргызстан – Фошан: бизнести өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү” бизнес-форуму өттү
2024-жылдын 18-22-апрелинде Кытайдын ири экономикалык борбору болгон Фошан шаарында "UNICERAMICS EXPO 2024" көргөзмөсү өттү.
2024-жылдын 20-апрелинде көргөзмөнүн алкагында «Кыргызстан – Фошан: бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» аттуу бизнес-форум өттү. Иш-чараны Фошан шаарынын Кытай эл аралык сооданы өнүктүрүү боюнча кеңешинин комитетинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Генералдык консулдугу жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү уюштурду.
Саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Х. Эргешов, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү М.Кожокматова жана Кытайдын Фошан шаарындагы Эл аралык соода жардам берүү кеңешинин төрагасынын орун басары Лу Цзюнь Цзянь мырза чыгышты.
Форумга Кыргызстандын бизнес-коомчулугунан 50дөн ашык өкүлдөр чакырылды, алардын арасында «Авангард стиль», «Елизавета», «Роял Констракшн», «Эмарк строй», «Турпан строй» ж.б. Иш-чарага жалпысынан 100дөн ашык киши катышты.
Бизнес-форум учурунда эки өлкөнүн ишкерлери курулуш тармагындагы жетишкендиктери, идеялары менен бөлүшүп, биргелешкен кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Бул форум Кыргызстан менен Кытай ортосундагы жаңы жана ийгиликтүү ишкердик өнөктөштүктөрдү баштоочу негиз болуп калат.