Recognition and Reclamation

Документтерди легалдаштыруу

АКШдан берилген документтерди Кыргызстанда колдонуу максатында легалдаштыруу

2011-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасы 1961-жылдан бери иштеп келе жаткан Гааг конвенциясына кошулду. Бул Конвенцияга ылайык Конвенциянын мүчөлөрүнүн ортосундагы берилген расмий документтерин легалдаштыруу талабы жокко чыгарылат.

Жогоруда айтылган Конвенцияга кошулгандан тартып америкалык документтер, тиешелүү АКШ органдары тарабынан апостиль коюлган болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында элчиликтин кошумча тастыктоосу жок расмий түрдө таанылып жарай берет, анткени АКШ дагы бул Конвенциянын мүчөсү болот.

Эгер Сизге америкалык документтерди Кыргызстанда колдонуш үчүн легалдаштыруу керек болсо, Сиз ошол документ берилген штаттын жергиликтүү Мамлекеттик департаментинин офиси менен байланышып апостиль жол-жобосунан өтүшүңүз керек.

АКШнын Мамдепартаментинин ар бир штатындагы офистеринин даректери жана алардын документтерди легалдаштыруу талаптары тууралу маалыматты бул жерден тапсаңыз болот: www.statelocalgov.net/50states-secretary-state.cfm.

 

Канадалык документтерди легалдаштыруу

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинин консулдук бөлүмүнө легалдаштыруу үчүн жөнөтүлгөн канадалык документтерди алдын ала Канаданын тышкы иштер министрилиги тарабынан легалдаштыруусу зарыл.

Тышкы иштер министрлигинин дарегиEnquiries Service (SXCI), Foreign Affairs Canada, 125 Sussex Drive, Ottawa, ON, Canada K1A0G2.

Тел.: +1(800) 267-8376 (toll-free in Canada), +1(613)944-4000 (in the National Capital Region and outside Canada), +1(613)944-9136 (TTY).

Факс: +1(613) 996-9709.

Веб-сайт: http://www.international.gc.ca/department-ministere/authentication-authentification_documents.aspx?lang=eng

 

Документтерди легалдаштыруу үчүн төмөнкү документтерди жөнөтүү керек:

  1. Легалдаштырууну өтүнгөн арызы (жеке жактар үчүн) же коштомо каты (юридикалык жактар үчүн).
  2. Легалдаштыра турган документтин түп нускасы.
  3. Легалдаштыра турган документтин көчүрмөсү.
  4. Паспорттун сүрөтү бар баракчасынын көчүрмөсү (жеке жактар үчүн).
  5. Паспорттун консулдук каттоодо турган белгиси бар баракчасынын көчүрмөсү (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн).
  6. Консулдук акы жеке жактар үчүн 50 АКШ долларын, ал эми юридикалык жактар үчүн 100 АКШ долларын түзөт:
    * Эскертүү: Элчилик америкалык доллары менен төмөнкү банктардын гана чектерин кабыл алат: JPMorgan Chase / Citibank / Royal Bank of Canada / Toronto Bank. Чектер “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жазылышы керек. (Эскертүү: Канададан money order кабыл алынбайт).
  7. Төмөнкү почта кызматтарынын арыз ээсинин кайтарым дареги жазылган, төлөнгөн жана сөзсүз түрдө треккинг-номери болгон бир конверт (А4 формат): USPS, UPS, Fedex! Элчилик марка менен жөнөтүлгөн конверттер үчүн жоопкерчилик тарта албайт.

Маанилүү маалымат:

  • Элчилик төмөнкү документтерди легалдаштырбайт: паспорттор, аскердик билеттер, эмгек китепчелери, айдоочулук күбөлүктөр, транспорт каражаттарынын каттоо техникалык паспорттору, профсоюздук билеттер, дини ишеним жана социалык топторго тиешелүү экендигин көргөзгөн документтер.
  • Документтерди кароо мөөнөтү:
  • -жөнөкөй жол-жобосу - 5 жумуш күн.
  • -шашылыш бүтүрүү жол-жобосу  - 3 жумуш күн (төлөө акысы эки эсе көп төлөнөт).

Кыргыз Республикасынан социалдык жана укуктук мүнөздөгү документтерди (соттолбогону тууралуу справка, жарандык абалы тууралу справка, туулгандыгы/никеге тургандыгы/өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, ж.б. архивтик документтер) суратып алуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  1. Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн наамына эркин формада жазылган арыз. Арызда кайрылуучу аты-жөнүн, жашаган жерин, телефон номерин, электрондук дарегин көрсөтүп жана Кыргызстандан документти суратып алууга жардамдашуу өтүнүчү менен кайрылат.
  2. 2х2 дюйм (inches) өлчөмүндөгү бир даана түстүү сүрөт.
  3. Толтурулган анкетанын 3 даанасы (Анкетанын формасын жүктөө).
  4. Паспорттун көчүрмөсү.
  5. Паспорттун консулдук каттоодо турган белгиси бар баракчасынын көчүрмөсү (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн).
  6. Төмөнкү почта кызматтарынын арыз ээсинин кайтарым дареги жазылган, төлөнгөн жана сөзсүз түрдө треккинг-номери болгон бир конверт (А4 формат): USPS, UPS, Fedex! Элчилик марка менен жөнөтүлгөн конверттер үчүн жоопкерчилик тарта албайт.