Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу азыркы түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берет

138

Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу азыркы түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берет:
  Бүгүнкү күнгө караганда аба ырайынын сууктугуна байланыштуу Жамбыл облусунун аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Уйлөрүнө жете албай, жолдо калган кыргыз жарандарына Казак бийлиги, акимчиликтери, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жөнөкөй жарандар жардам берүүдө. Ушундай оор кырдаалда жардам көрсөткөндүгү үчүн боордош казак туугандарга терең ыраазычылык билдиребиз.
 Жамбыл облусунун Кордай тарабында Казакстандын жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтери биргеликте жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.