Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Казакстандын АО “Kazakh invest» Улуттук компаниясынын Төрагасы Сапарбек Туякбаев менен жолугушуу

4703

2019-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев  Казакстандын АО  “Kazakh invest» Улуттук компаниясынын Төрагасы Сапарбек Туякбаев менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда Төрага С.Туякбаев  АО  “Kazakh invest» Улуттук компаниясынын чет элдик инвестицияларды Казакстандын экономикасына тартуу, чоң инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана Улуттук компаниянын мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтер менен биргелешип иштөө ишмердиги менен тааныштырды.

Элчи Ж.Кулубаев  Кыргыз Республикасынын инвестициялык шартын, ошону менен бирге Кыргызстандын региондорундагы  тоо-кен, энергетика, айыл-чарба, туризм багытындагы инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды. Жолугушуунун аягында Кыргыз Республикасынын  инвестицяларды тартуу жана коргоо Агентствосу менен АО  “Kazakh invest»  Улуттук компаниясы менен байланышты түзүү жана өз-ара тажрийба алмашууну  макулдашышты.