Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун мөөнөтүнүн убактылуу узартылышы тууралуу

4821

Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы №256-Токтому менен КРнын жаранынын 2020-жылдын 1-январынан 30-декабрына чейинки мезгилде мөөнөтү аягына чыккан 2004-жылдагы үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта), ошондой эле 2006-жылдагы үлгүсүндөгү КРнын жалпы жарандык паспортунун (16 жашка чыга элек жарандардан сырткары) 2020-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын маалымдайт.

Бул чечим Кыргыз Республикасынан сырткары чет өлкөлөрдөгү КРнын жарандарына гана тиешелүү.

Мөөнөтү узартылган паспорттор Казакстан Республикасында турууга жана ишке орношууга, ошондой эле чет өлкөнүн чек арасынан өтүүдө, Кыргызстандын аймагына гана кирүүдө жарактуу болуп саналат.

Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жакын турган дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине КРнын 2006-жылдагы үлгүсүндөгү паспортунун мөнөтүнүн узартылгандыгы тууралуу тийиштүү белгини койдуруу үчүн кайрылуу керек.

Паспорттордун мөнөтүн узартуу/маалымкат берүү акысыз негизде Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиликте жасалаарын маалымдайбыз.

Кыргыз Республикасынын ички паспорттору (ID-карта) бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиликте паспорттордун мөөнөтүнүн узартылгандыгын тастыктаган маалымкат берилет.