Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жана Казакстан Өкмөтүнүн башчысы Аскар Маминдин телефондук сүйлөшүүсү болду

4148

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жана Казакстан Өкмөтүнүн башчысы Аскар Маминдин телефондук сүйлөшүүсү болду 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Маминдин телефондук сүйлөшүүсү болду. 

Аскар Мамин Кубатбек Бороновду Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана эки мамлекеттин башчылары ортосунда мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусун талкуулады.