Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилигинин консулдук аймагында (Нур-Султан шаары, Акмола, Актюбе, Атырау, Батыш Казакстан, Караганда, Костанай, Мангистау, Павлодар, Түндүк Казакстан жана Чыгыш Казакстан облустары) жана Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы башкы консулдугунун консулдук аймагында (Алматы жана Шымкент шаарлары, Алматы, Жамбыл, Кызылорда жана Туркестан облустары) жүрүшкөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен кантип текшере алышат.

4218

Азыркы этапта Казакстан Республикасында жүргөн же жашап жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилигинде (№ 9028 УШК) жана Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы башкы консулдугунда (№ 9027) шайлоо участокторун бекитти.

Мыйзам боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн жарандардын бардыгы, тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Ал эми добуш берүүчү күнү Казакстан Республикасында жүргөн бирок консулдук каттоодон өтпөгөн шайлоочулар, чет өлкөдөгү жашаган же жүргөн жериндеги шайлоо участогуна (форма 2 боюнча) добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. Бул учурда Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси арыз түшкөндө шайлоочуну убактылуу консулдук каттоого алат. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн убакытта жасалат. Бул ишти шайлоого чейин 15 календарлык күн калгандан (20-сентябрга чейин) кечиктирбей жасоо зарыл.

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук жыйым алынбайт.

16-июлдан тарта шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында жайгашкан, 26-июлдан тарта таанышуу үчүн шайлоо участокторунда илинет.

Эгер ката табылса, так эместик кетсе же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, ушул эле аралыкта (20-сентябрга чейин) шайлоо комиссиясынын участогуна № 2 формасындагы арыз менен кайрылуу зарыл. Шайлоо участогунда, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өткөндөн кийин берилет.

Шайлочунун арызына тиешелүү шайлоо комиссиясынын жообу арызды кагаз же электрондук кабар катары кабыл алгандан 7 календарлык күн аралыгында, шайлоочу арызында көрсөткөн дарек, анын ичинде электрондук дарекке да жөнөтүлөт.

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогуна акыркы тизме илинет.

Биометрикалык каттоодон өтүү Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилигинде жана Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы башкы консулдугунда жүргүзүлөт.

Тизмелер шайлоо ортосундагы аралыкта ай сайын, ал эми шайлоо мезгилинде күн сайын жаңыртылып турат.

Добуш берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, кызматтык же дипломатиялык паспорту болуусу зарыл.