Congratulatory message of Ambassador Kubanychbek Omuraliev on the occasion of New Year
Урматтуу мекендештер,
Сиздерди келе жаткан Жаңы 2022-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.
Жаңы жыл жакшылык, тынчтык жана биримдик алып келген ынтымак-ырашкердиктин жылы болушун тилейм.
Мекенден алыста иштеп, окуп, жашап жүрөсүздөр, ошондуктан окууңуздар жана эмгегиңиздер үзүрлүү болуп, аман болуңуздар! Баарыңыздарга чын ден соолук каалайм.
Терең урматтоо менен,
Кубанычбек Өмүралиев
Элчи