Chairman of the Cabinet of Ministers Akylbek Zhaparov expressed condolences to Vice President of Türkiye Fuat Oktay in connection with the explosion in Istanbul

1010

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Стамбулдагы жардырууга байланыштуу Түркиянын Вице-президенти Фуат Октайга жолдогон көңүл айтуу кайрылуусунда “Түркиянын Стамбул шаарынын Истиклял көчөсүндө болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм” – деп айтылат.