Урматтуу боордоштор! Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Элчиликтин жамаатынын жана жеке өзүнүн атынан Элазыг жана Малатья провинцияларындагы жер титирөөдөн көз жумгандардын азалуу үй-бүлөлөрүнүн жана түрк туугандардын кайгысын тең бөлүшөөрүн билдирди.

5844

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана кыргыз эли Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга, боордош түрк элине жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Элчиликтин жамаатынын жана жеке өзүнүн атынан да Элазыг жана Малатья провинцияларындагы жер титирөөдөн көз жумгандардын азалуу үй-бүлөлөрүнүн жана түрк туугандардын кайгысын тең бөлүшөөрүн билдирди.

Жараткан курман болгондордун жаткан жерлерин жайлуу кылып, жакындарына сабырдуулук берсин. Жабыр тарткандар тезинен сакайып кетсин” - деп билдирди Элчи Кубанычбек Өмүралиев.