Free treatment conditions for 150 citizens of Kyrgyzstan in Turkey, under the Agreement between the Government of the Kyrgyz Republic and the Government of the Republic of Turkey on cooperation in the field of healthcare and medical sciences, dated June 3, 2014.

5811

 

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Түркия Республикасынын Ѳкмѳтүнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташтык жѳнүндѳ Макулдашууга ылайык, Түркияга 150 кыргыз бейтаптын акысыз дарыланууга келүү шарттары

2014-жылдын 3-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Түркия Республикасынын Ѳкмѳтү менен Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн ортосундагы Саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташтык жѳнүндѳ Макулдашууга кошумча болгон 2019-жылдын 20-майындагы Женева шаарында кол коюлган Кошумча протоколдун негизинде, Кыргызстандык бейтап-жарандар үчүн бөлүнүүчү квотанын саны 100дѳн 150гө чейин көбөйгѳн.

  1. 50 кыргыз бейтап дарыгердин медициналык көрсөтмөлөрүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылышып, тиешелүү комиссиянын жыйынтыгы менен Түркияга дарыланууга келе алышат.
  2. Ошондой эле Түркия Республикасынын Бишкек шаарындагы Элчилигинин чечими менен 100 кыргыз бейтап-жараны Түркияга дарыланууга келе алышат. 2020-жылдан баштап баардыгы 150 бейтаптын келүүгѳ мүмкүнчүлүгү бар.
  3. Квотага кирбеген бейтаптар Макулдашуунун негизинде Түркиянын аймагындагы ооруканаларда өз алдынча келип, акысыз дарылана алышпайт.  
  4. Түркия Республикасына операцияга же болбосо дарыланууга келе турган бейтаптардын англис тилине которулган тийиштүү документтери Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине веб-система (интернет) аркылуу жиберилет.
  5. Ѳз кезегинде, Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз бейтап-жарандары боюнча макулдугун берген соӊ, алардын аты жѳнүн, диагноздорун камтыган материалдарды Түркиянын аймагындагы ооруканалар катталган порталга жүктѳйт. Ал эми ооруканалар, ѳз ыктыяры менен бейтаптарды дарылоого же болбосо операция жасоого сунуштарын киргизишет.
  6. Ар жылы бѳлүнүп бериле турган квота 1 жылга гана жарактуу.
  7. Түркия Республикасына келген бейтаптардын жол киреге, котормочуга, кошумча тамак-ашка жана (керек болгон учурда) коштоочу адамдын жатаканасына кеткен чыгымдары ѳз эсебинен каржыланат.