Пресс-релиз 5-март Ак-калпак күнү
Жыл сайын 5-мартта кыргыз эли салтка айланып калган Ак-калпак күнүн белгилейт.
Элибиздин улуттук баш кийими күнүн эске алып, Башкы консулдуктун бардык кызматкерлери бүгүн жумушка ак–калпактарын кийип келишип, ар-кандай маселелери менен кайрылган жарандарыбызды майрамдык маанайда кабыл алышты.
5 – март Ак-калпак күнү майрамыңыздар менен урматуу мекендештер!