Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата
Урматтуу Кыгыз Республикасынын жарандары!
Кымбатуу мекендештер!
2023-жылдын 2-сентябрында саат 15:00. Кыргыз Республикасынын Брюсселдеги элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чара өткөрүлөт.
Иш-чаранын программасында башкасынан тышкары, улуу жазуучу, Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы биринчи элчиси Ч.Т.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү тартууланат, «Сапар – Айтматов жана дүйнө» программасынын көрсөтүлүүсү үюштурулат (кыргыз тилинде), ошондой эле кичинекей мекендештердин «Менин мекеним - Mijn moederland - Ma patrie» - «Бозүй» ж.б. темаларындагы сүрөт сынагынын жйынтыктары жарыяланат.
Каалоочуларды, жалпы катышуучулардын тизмесин топтоо үчүн 31-августка чейин kgembassy.be@mfa.gov.kg электрондук дарегине
же +32 495 90 33 31 номерине ырастамаларды жөнөтүүнү суранабыз.
Элчиликтин эски достору менен жолугууга жана жаңы достор менен танышууга чын жүрөктөн үмүттөнөбүз.