Европарламенттеги маданий иш-чара тууралуу

3397

2023-жылдын 19-сентябрында Брюссель шаарында Европарламенттин имаратында Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү, Борбордук Азия, Монголиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана Европарламенттин парламенттер аралык кызматташтык боюнча делегациясынын төрагасы Т.Здеховский менен биргеликте “Bridging Horizons” аттуу маданий горизонтторду кеңейтүүгө жана Борбордук Азия, Монголия жана Европа Биримдиги ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө арналган көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чара Европарламенттин депутаттарынын, Европа уюмунун институттарынын жогорку өкүлдөрүнүн, Европа өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана башка европалык өнөктөштөрдүн катышуусунда өттү.

Көргөзмөнүн ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Элчиси А.Эркин сөз сүйлөп, Европа Биримдиги менен аймактык жана эки тараптуу форматта өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал өзгөчө акыркы жылдары өткөрүлгөн биргелешкен иш-чараларга, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын июнь айында Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Евробиримдиктин лидерлеринин жолугушуусуна токтолду.

Иш-чаранын катышуучулары үчүн Кыргыз элинин маданий баалуулуктарынын көргөзмөсү, ошондой эле залкар жазуучубуз Ч.Т. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган фотокөргөзмө уюштурулду.

Кыргыздардын улуу маданий мурастары, ошондой эле көрүнүктүү тарыхый инсандар, анын ичинде XI -кылымдын акыны, залкар ойчул жана философ Жусуп Баласагын тууралуу катышуучуларга Элчи айтып берди.

Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы тартууланды жана туристтик материалдар таратылды.