Кымбаттуу Бенилюкс мамлекеттеринде жайгашкан мекендештер, диаспораларыдын мүчөлөрү жана даанышман аксакалдар!

261

Урматтуу мекендештер,

 

Кымбаттуу Бенилюкс мамлекеттеринде жайгашкан мекендештер, диаспораларыдын мүчөлөрү жана даанышман аксакалдар!

Мындан отуз жыл мурда, 1993-жылдын 5-майында көз карандысыз Кыргыз Республикабыздын Конституциясы кабыл алынган.

Ушуга байланыштуу, Сиздерди бүгүнкү майрамыбыз - 5-май Конституция күнү менен куттуктайбыз!

Учурдан пайдаланып, Сиздерге узун өмүр, бекем ден-соолук, бакубат жашоо жана иштериңизге албан ийгиликтерди каалайбыз. Ал эми Өлкөбүз баарыбыздын кошкон салымыбыз менен бекемдей берип, элибизде тынчтык, ынтымак жана жаратмандык боло берсин!

Ушушу менен бирге, сүйүнчүлөп жазганыбызга себепкер болгон Сиздердин колдооңуздар менен алынган Боз үйүбүз Бельгияга жетти.

Диаспоранын, активисттердин демилгеси менен Брюссельге алынып келген Боз үйүбүздүн бет ачарына жана Конституция күнүбүзгө арналган иш-чарага урматтуу аксакалдарыбызды жана диаспоранын активдүү мүчөлөрүн кубаныч менен 2023-жылдын 13-майында саат 13.00дө Элчиликке чакырабыз.

Каалоочуларды, жалпы катышуучулардын тизмесин топтоо үчүн 9-майга чейин kgembassy.be@mfa.gov.kg электрондук дарегине же +32 495 90 33 31 номерине ырастамаларды жөнөтүүнү суранабыз.

Элчиликтин эски достору менен жолугууга жана жаңы достор менен танышууга чын жүрөктөн үмүттөнөбүз.