О встрече Генерального консула с и.о. Генерального консула Азербайджанской Республики в г. Екатеринбурге

1074

2022-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунда Башкы консул Руслан Бийбосунов менен Азербайжан Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулунун м.а. Шохрат Мустафаев менен жолугушуу болуп өттү.

Консулдук мекемелердин жетекчилери консулдук-укуктук чөйрөдөгү кызматташуу маселелерин талкуулап, кыргыз-азербайжан кызматташтыгын ургалдуу өнүгүшү боюнча пикир алмашышты. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Азербайжан Республикасына расмий иш сапары эки боордош өлкөнүн ортосундагы мамилелерин жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарарына ишеним билдиришти.

Р.Бийбосунов Ш.Мустафаевдин жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.