December 4 is the Manas Epic Day
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди улутубуздун улуу байлыгы болгон "Манас" эпосунун күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз.
"Манас" эпосу – кылымдар бою муундан-муунга оозеки айтылып, кыргыз элинин руханий таянычы жана шыктандыруучу булагы болуп келген баатырдык эпос. Бул улуттук улуу мурасыбызга жана руханий казынабызга өтө астейдил мамиле жасоо — ар бир кыргыз жаранынын милдети жана парзы.
Сиздерди дагы бир жолу улуу "Манас" дастаныбыздын күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө өнүгүү, Мекенибизге тынчтык каалайбыз.
Манас бабабыздын арбагы баарыбызды колдосун!