Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

3948

Бүгүн, 17-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап,  каалоо-тилектерин билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы  биргеликтеги чараларды талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарын өз мекендерине биргелешип кайтаруу   маселеси козголду.

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Казакстан территориясы аркылуу транзит менен алып келүүдө көрсөтүлүп жаткан көмөккө  ыраазычылык билдирди.