Congratulations from Ambassador Kubanychbek Omuraliev on the occasion of Eid al-Adha
Урматтуу мекендештер,
Сиздерди Курман Айт майрамыбыз менен куттуктайм.
Ыйык Курман Айт - кайрымдуулуктун, айкөлдүктүн, боорукерликтин майрамы. Ушул касиеттүү күнү бардык аруу тилектериңиз кабыл болсун, жакшы ой максаттарыңыз ишке ашсын. Барыңыздарга чын ден-соолук менен бакыт каалайм. Ал эми мекенибизде ар дайым тынчтык болуп, мамлекетибиз өнүгө берсин.
Айтыңыздар маарек болсун.
Урматтоо менен,
Кубанычбек Омуралиев