Congratulatory message from Ambassador Kubanychbek Omuraliev in honor of the 30th anniversary of the Independence of the Kyrgyz Republic

2854

Урматтуу мекендештер,

Сиздерди өзүмдүн жана Элчиликтин жамаатынын атынан мекенибиздин Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

Көз карандысыздыкка жетүү үчүн ата-бабаларыбыз тарыхтын узун жолун басып өткөн. Ошондуктан, бүгүнкү эгемендик улуу муундардын бизге калтырган аманаты жана аны урпактарга өткөрүп берүү биздин милдетибиз.

Өткөн 30 жыл ичинде жаш өлкөбүз көптөгөн кыйынчылыктарга жана башынан өткөргөн кыйыштуу окуяларга карабастан, ийгиликтерге жетишип, өнүгүү жолунда келе жатат. Учурда биздин максат улуу көчтү улантуу болуп саналат.

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакыт жана ийгиликтерди каалайм.

Арабыздан ынтымак кетпесин, асманыбыз дайыма ачык болсун!

31-августта Айкөл Манас Атабыздын эстелигинин ачылышына баарыңыздарды күтөбүз.

Урматтоо менен,

Кубанычбек Өмүралиев