Осака шаарында Японияда жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары жана жалпы мекендешердин кезектеги жолугушуусу жөнүндө

156

2024-жылдын 4-май күнү Япониянын Кансай регионунда Осака шаарында Япониядагы Кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулган жана Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин колдоосу жана катышуусу менен учурда Японияда жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары жана жалпы эле мекендешердин кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Аталаган иш чарага Япониянын алыскы түндүк региону болгон  Хоккайдо префектурасынан баштап, борбордук Канто регионунун  Токио шаарынан, Ибараки,  Канагава, Сайтама, Тиба, Токио префектураларынан,  Тюбу  регионун Исикава, Сидзуока, Миэ префектураларынан жана Кансай регионун Киото, Осака, Хёго префектураларынан, ал эми  Япониянын түштүгүнөн Кюсю регионун Миядзаки префектурасынан келген 130дан ашкан кыргыз мекендештер катышты. Андан тышкары аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Кансай аймагындагы ардактуу консулу Бунно Такаши мырза жана башка япониялык достор дагы активтүү катышышты. 
Жолугушуу учурунда мекендештер үчүн кыргыз улуттук тамак-аштар даярдалып, улуттук оюн зооктор (эркектер, аялдар жана жаш балдар үчүн аркан тартыш ж.б.оюндар) ойнотулду жана Япониянын ар кайсыл шаарларынан келген жарандар ортосунда футбол командалары түзүлүп атайын турнир өткөрүлдү. 
Аталган иш-чара учурунда, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин өкүлдөрү тарабынан кыргыз мекендештерине жылуу калоо тилектерин жолдоо менен бирге, аталган иш-чараны уюштурууда активдүү катышкан Япониядагы кыргыз диаспорасынын Кансай аймагындагы өкүлдөрүнө өзгөчө ыраазычылык билдирилди.
Жолугушуу учурунда катышуучулар тарабынан кийинки чоң маданий иш-чараны келе жаткан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Япониянын Нагоя шаарында өткөрүү сунушу демилгеленди.