КР ТИМнин 2023-жылдын 6-февралына карата маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Бишкек убактысы боюнча 19:00гө карата алынган алдын-ала маалыматтар боюнча Түркиядагы жер титирөөнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жарандары каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында жок экенин билдирет. Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу жана жоюу башкармалыгын (AFAD) урандыларды тазалоо иштерин улантууда.

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы дипломатиялык мекемелери жергиликтүү бийлик органдары жана мекендештер менен дайыма байланышта болууда.

Түркияда жашаган Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда күнү-түнү  ыкчам телефондор аркылуу байланышып, жардам же кеңеш ала алышат.

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551;

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK