Эл аралык балдарды коргоо күнүн өткөрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери ТИМнин өз камкорлугуна алган Кара-Суу районундагы дүлөй жана дудук балдар билим алган мектеп-интернатына барып куттукташты

Эл аралык балдарды коргоо күнүн өткөрүүнүн алкагында 2021-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери ТИМнин өз камкорлугуна алган Кара-Суу районундагы дүлөй жана дудук балдар билим алган мектеп-интернатына барып куттукташты. Кызматкерлер тарабынан окуучуларга тамак-аш таттуулар тапшырылды.

Маалымат үчүн: Кара-Суу районундагы дүлөй жана дудук балдардын мектеп-интернаты 1936-жылы негизделген. Учурда мектепте өлкөнүн бардык облустарынан келген 174 окуучу билим алат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK