КРдин Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Астана шаарында жайгашкан Италиянын КРдагы Элчиси, Марко Альберти менен жолугушту

2023-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Астана шаарында жайгашкан Италия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Марко Альберти менен жолугушууну өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-италиялык эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-маданий өз ара аракеттенүүнүн азыркы абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар жогорку деңгээлдеги алдыдагы сапарлардын графигин, ошондой эле 2023-жылдын биринчи жарымында Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды өткөрүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кыргыз-италиялык мамилелерди чыңдоо боюнча мындан аркы активдүү иш алып барууга даярдыгын ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK