Өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары К.Маматалиев Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчиси Элчи Пьер фон Аркс менен жолукту

Ушул жылдын 14 май күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары Калдарали Маматалиевдин Бишкек шаарындагы Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) Программалык кеңсесинин жетекчиси Элчи Пьер фон Аркс менен жолугушуусу болду.

Аталган жолугушуунун алкагында тараптар ЕККУнун учурдагы долбоорлорун, ошондой эле Кыргызстандын түштүк облустарында уюмдун коопсуздукту камсыз кылуу жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо чөйрөсүндө мындан аркы ишмердүүлүгүн талкуулашты.

Ошондой эле, тараптар 2019 –жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жарлыгынын алкагында биргеликте кызматташуунун перспективдүү багыттары боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун аягында, жетекчинин орун басары К.Маматалиев Кыргыз Республикасындагы ЕККУнун 20 жылдык ишмердүүлүгү менен куттуктап, мындан ары да тыгыз кызматташууга үмүтүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK