Ош шаарында дипломатиялык корпустарынын арасында мини-футбол боюнча кайрымдуулук турнири өттү

2022-жылдын 22-октябрында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн чакырык кубогу үчүн Ош шаарынын дипломатиялык корпустарынын арасында мини-футбол боюнча VIII турнир болуп өттү ( мындан ары – КРнын ТИМдин өкүлчүлүгү). Иш-чараны КРнын ТИМдин өкүлчүлүгү Шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин көмөгү менен уюштурду.

Турнир Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык кызматынын күнүнө арналып (24-октябрь), кайрымдуулук мүнөзгө ээ болуп, анын алкагында демөөрчүлүк кылган Карасуу дүлөй балдардын адистештирилген мектеп-интернатына жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултулду.

Турнирге КРнын ТИМдин өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаарынын мэриясынын, Россия Федерациясынын Башкы консулдугунун, Казакстан Республикасынын Консулдугунун жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Карасуу дүлөй балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатынын командалары катышты

  КРнын ТИМдин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мээримбек Апышов,             КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнист Толтоев, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, ошондой эле чет өлкөлүк консулдук мекемелердин жетекчилери куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча 1-орунду Казакстандын Консулдугунун командасы, 2-орунду Россиянын Башкы консулдугу, 3-орунду КР Президентинин Ош областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты ээледи.

Ош шаарынын жана Ош облусунун дипломатиялык корпусунун кызматкерлери менен мамлекеттик органдардын ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.


 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK