КРдин Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасынын Европалык Өкүлчүлүгүнүн башчысы Сильви Мотард менен жолугушту

2023-жылдын 2-мартында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 52-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги Сегментине катышуу үчүн Женевага болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) Европалык Өкүлчүлүгүнүн башчысы Сильви Мотард менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы демилгелери тууралуу маалымат берди. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 2022-жылды «Эл аралык Туруктуу өнүктүрүү жылы», ал эми 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» деп жарыялаган.

Министр КР Президенти С.Н.Жапаровдун өлкөнүн тышкы карызын «жашыл» демилгелерге алмаштыруу демилгесине өзүнчө токтолду. Ж.М.Кулубаев ЮНЕПти өз ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик карызды “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу идеясын практикалык ишке ашырууга, өзгөчө орто жана чакан ГЭСтерди курууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.

ЮНЕПтин Европалык Өкүлчүлүгүнүн башчысы Программа Кыргызстандын айтылган демилгелерин толугу менен колдой турганын жана аларды ишке ашырууда кызматташууга даяр экенин билдирди. ГЭСтин курулушуна байланыштуу С.Мотар мындай долбоорлор курчап турган чөйрөнү коргоо максаттарына шайкеш келет жана Кыргызстан менен кызматташуунун кызыктуу багыты болуп саналат деген оюн билдирди.

Мындан тышкары ЮНЕПтин командасы айлана-чөйрөнү коргоо жаатында Борбордук Азияда ишке ашырылып жаткан долбоорлору тууралуу маалымат беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун эки тарапка тең пайдалуу багыттарын өнүктүрүү максатында талкууланган маселелер боюнча консультацияларды улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK