КРнын ТИМнин Өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги Ош облусунун туристтик компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту

Ушул жылдын 31-май күнү Кыргыз Республкасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүндө, ТИМдин Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мирланбек Исмаиловдун Ош облусунун туристтик фирмаларынын өкүлдөрү менен жолугуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, М.Исмаилов КРнын ТИМнин экономикалык дипломатия жана туризм тармактарында алып барып жаткан иштери жөнүндө маалымдады, ошондой эле Өкүлчүлүк Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча пландарын айтты.

Туристтик компаниялар чет элдик туристтерди тартуу боюнча учурдагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат беришти.

Ошону менен бирге, тараптар Кыргыз Республикасына кирүү тартиби, чет элдик жарандар үчүн визалык жана визасыз режимдер тууралуу көйгөйлүү суроолорду жана туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүүнү талкуулашты.

Катышуучулар ушул сыяктуу жолугуушуларды үзгүлтүктүз өткөрүп турууга келишишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK