КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен жолугушту

Үчүнчү Анталия Дипломатиялык форумунун алкагында 1-мартта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиевдин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы маселелери, ТМУ Катчылыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле Уюмдун алдыдагы пландары талкууланды.

Тактап айтканда, тараптар үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасында пландаштырылган иш-чараларга, анын ичинде ТМУ мамлекет башчыларынын кезектеги 11-саммитин өткөрүүгө, ошондой эле Кыргызстандын мурдагы Саммитте айтылган демилгелерин ишке ашырууга басым жасашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасынын ТМУ алкагындагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча мындан аркы тыгыз иш алып барууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK